БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиада боюнча курама команданы Парижге узатуу аземи өттү

Паралимпиада боюнча курама команданы Парижге узатуу аземи өттү

Сүрөт: МинКаб

Бүгүн, 21-августта XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи болду. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. 

Курама команданын капитаны Маматибраим Суранов болуп, ага мамлекеттик туу тапшырылды.

Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Анда өлкөдөн пауэрлифтинг (оор атлетика), триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча 4 спорттун түрүнөн спортчулар катышат. 

Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Паралимпиада майыптыгы бар жарандардын арасында өтүүчү Олимп оюндары. Быйыл 17-жолу өткөрүлүп жатат. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей