БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиада: дзюдочу Маматибраим Суранов күч сынашат

Паралимпиада: дзюдочу Маматибраим Суранов күч сынашат

Сүрөт: "Спутник"

Бүгүн, 6-сентябрда Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Маматибраим Суранов беттешке чыгат. Ал 73 кг чейинки салмакта парадзюдо боюнча күч сынашат. Бул салмак категориясында жалпы 13 спортчу бар. 

Кыргыз балбанынын алгачкы атаандашы өзбекстандык Шохрук Мамедов. Ал менен ⅛ финалда беттеш өткөрөт. 

Буга чейин кыргызстандык эки спортчу беттеш өткөрдү. 1-сентябрда Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен Жүзбаева көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты. Ал эми Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, он биринчи болуп келген. 

Учурда Кыргызстандын капчыгында бир да медаль жок. 

Медалдардын саны боюнча Кытай алдыда баратат. Алардын куржунунда учурда 142  медаль бар. Экинчи орунду Улуу Британия 77 медаль менен ээлеп турат. Ал эми Америка Кошмо Штаттары 67 медаль менен үчүнчү орунга жайгашты. Коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстанда 15, Казакстанда үч медаль бар. 

Паралимпиада майыптыгы бар жарандар арасында өткөрүлөт. Быйыл XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августта башталган. Мелдештерге 182 өлкөдөн 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышууда. Кыргызстандан өлкө намысын коргоого төрт спортчу кеткен. Иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей