БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Паралимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу барат

Паралимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу барат

Сүрөт: Маданият министрлиги

Париждеги жайкы Паралимпиада оюндарына биринчи жолу Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. 

Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 килограмм чейинки салмакта күч сынашат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева, пара триатлон спортунан Айтунук Жоомарт кызы өлкө намысын коргойт, пара жеңил атлетикадан Гүлназ Жүзбаева катышат.

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулат. Оюндар 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат. 

2020-жылдагы Токиодо өткөн Паралимпиада оюндарына өлкөдөн эки спортчу катышкан. 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей