БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Париж-2024: бүгүн кыргызстандык эки спортчу мелдешке чыгат

Париж-2024: бүгүн кыргызстандык эки спортчу мелдешке чыгат

"Т-Медианын коллажы

Бүгүн, 28-июлда Париж Олимп оюндарында дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана мушкер Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.  

Айбек уулу 1/16 финалдык баскычта украиналык Богдан Ядов менен беттешет. Ал 66 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Ал эми Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг чейинки салмакта беттешке чыгат. Анын биринчи атаандашы кубалык мушкер Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. 

Жайкы Олимпиада оюндары Парижде өтүп, 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышуу. Оюндардын биринчи күнүндө суучул Денис Петрашов мелдешке чыгып, 23-орунду ээледи.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей