БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Париж Олимпиадасы: бүгүн Эрлан Шеров беттешке чыгат

Париж Олимпиадасы: бүгүн Эрлан Шеров беттешке чыгат

Сүрөт: "AKИpress"

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн, 31-июлда кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров беттешке чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Шеров 90 киллограммга чейин салмакта күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралис.

Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. 

Ал эми бокс боюнча кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1-августка караган түнү алгачкы беттешин өткөрөт. Ал 57 кг чейинки салмакта кубалык Хорта Родригес Дель Рей Сайдель Иван менен күч сынашат. Таймаш Бишкек убактысы боюнча 00:00дө башталат. 

Жайкы Олимпиада оюндары Парижде өтүп, 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Оюндардын биринчи күнүндө суучул Денис Петрашов мелдешке чыккан. Ал 23-орунду ээлеп жарым финалга өтүп, бирок финалдык таймашка өтпөй калды. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей