БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Парламент Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетүүсүн колдоду

Парламент Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетүүсүн колдоду

Сүрөт: Баркелде

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын колдоп берди.

Бөкөнтаевдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 24-июнда белгилүү болгон. Башкы банктын маалымат кызматы анын башка ишке өтүп жатканын маалымдаган. 

Жергиликтүү басылмалар Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматына барарын жазышты.

Бөкөнтаев Улуттук банкка төрага болуп 2021-жылы дайындалган. 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей