БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрү боюнча үн катты

Президент Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрү боюнча үн катты

Сүрөт: Кабар

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди. Ал терс пикирлерге көңүл бурбай иштей берерин айтат. 

"Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан "үрүп чыккан" анча-мынча "иттерге" көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет. Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз".

Мамлекет башчы Мелис Аспековдун, иликтөөчү журналист Болот Темировдун билдирүүлөрүн "жалаа" деп атады. Ал эми Сабыр Муканбетов жана Канышай Мамыркулованын комментарийлери тууралуу мындай дейт. 

"Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат. Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар "үрүп чыккан иттердин" бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган "котур ташы койнундагылар". Алар өлкөдө ызы-чуу, башаламан болуп турса чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер". 

Автор: Т-Медиа > 390 макала