БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент: карыларды татыктуу пенсия менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жатат

Президент: карыларды татыктуу пенсия менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бүгүн, 1-октябрь - Карыларлардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы куттуктоосунда улууларды баалап-барктоого бардык аракет көрүлүп жатканын билдирди. Негизги максат – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу экенин белгилеген. 

"Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт", -дейт президент.

Жапаров жогорудагыдай  аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Конституциянын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетишкенин кошумчалган. 

Карылардын эл аралык күнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы 1990-жылы расмий майрамдардын катарына киргизген. Максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей