БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент күч органдарына Алайдагы Соцфондду текшерүүнү тапшырды

Президент күч органдарына Алайдагы Соцфондду текшерүүнү тапшырды

Сүрөт интернеттен алынды

 

Президент Садыр Жапаров тиешелүү күч органдарына тез арада Ош облусунун Алай районундагы Социалдык фонд башкармалыгындагы коррупция тууралуу айтылгандарды текшерип чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 16-декабрда экинчи Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бул маселени биз тыйдык деп ойлодум эле. Дагы деле уланып жаткан экен да. Мурда каза болгон пенсионерлер үчүн да акча алып жүргөндөр болгон. Ушундай фактылар көп болгон экен. Муну жок кылганбыз. Күч органдары тез арада  Алай районундагы социалдык фонд кимге тиешелүү болсо текшерип чыгып, мага маалымат бергиле".

Аталган маселени Ош облусунун Алай районунун Үч-Дөбө айылынан делегат болуп келген Шаани Топчубаева көтөрүп чыкты. Ал аймактагы Социалдык фонд башкармалыгы коррупцияга малынып кеткени тууралуу учкай айткан. 

15-16-декабрда Бишкекте экинчи Элдик курултай болуп өттү. Ага Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышты.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей