БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жаңы жылдан тарта жол оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине бир сомдон төлөнөт

Жаңы жылдан тарта жол оңдоо үчүн күйүүчү майдын литрине бир сомдон төлөнөт

Сүрөт интернеттен алынды

2025-жылдын 1-январынан тарта жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон алына баштайт. Ал каражат Жол фондуна топтолуп, өлкөдөгү жолдорду оңдоого, салууга жумшалат. Тиешелүү "Жол фонду жөнүндө" мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мыйзамдын максаты - жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат.

Мыйзам долбоорун Транспорт министрлиги демилелеп, буга чейин парламент аны биринчи окууда талкуусуз колдоп берген. Бул негизи былтыртан бери эле көтөрүлүп келе жаткан демилге. Министрлик документти алгач сунуштаганда "жолду ким көп унаа айдаса, ошол бузат" деген жүйө келтирген эле.

Автор: Осмонова Айдана > 812 макала