БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Президент: өкмөт башчы салыктагы кемчиликтерден улам кетти
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун салыктагы кемчиликтерге байланыштуу кызматтан алынгандыгын билдирди.
Ал бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште айтып, аны саясатташтырбоого чакырды.
“Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр барыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш аракеттеринен улам салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”, - деди Жапаров.
Акылбек Жапаровдун кызматтан кеткени 16-декбарда белгилүү болду. Президенттин маалымат кызматы ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын айткан. Бирок азырынча анын кайсы кызматка барары айтыла элек.
17-декбарда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок”деп комментарий берген.
Бүгүн, Акылбек Жапаровдун ордуна Адылбек Касымалиев өкмөт башчы болуп дайындалды.
Автор: Осмонова Айдана > 797 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat