БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент коррупцияга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду

Президент коррупцияга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон. Долбоордо “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган.

Автор: Бурханов Байэл > 28 макала