БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент карындашы үчүн кечирим сурап, ӨКМге тиешелүү тик учактар боюнча пикирин айтты

Президент карындашы үчүн кечирим сурап, ӨКМге тиешелүү тик учактар боюнча пикирин айтты

Сүрөт: Кабар

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын интернетте тараган тик учак боюнча видеосуна комментарий берди. Анын маеги 26-июнда "Кабар" маалымат агенттигине жарыяланды.

Мамлекет башчы "ысырапкорчулукту токтотууда президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин" айтып, "жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок" дейт. Ошондой эле тик учактар ижарага берилип, колдонулуп турбаса кийин учууга жараксыз болуп каларын, ошол себептен бардык тараптарга ижарага берүүгө уруксат берилгенин белгиледи.

"Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат. Ошондуктан мейли жөнөкөй жаранбы, бизнесменби, мейли туристпи, мейли инвесторбу тик учактарды ижарага алам десе, мамлекет кубануу менен беребиз. Анткени ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот. Ошентип авиапарк улам жаңыланып турат. Антпесек кийин, 2020-жылга чейинкидей, өлкө боюнча бир дагы тик учагыбыз калбай калат. Азыр Кудайга шүгүр, жалпы жыйырмага жакын тик учагыбыз бар. Ижарадан түшкөн акчаларга улам жаңы тик учактарды сатып алып турабыз. Буга чейин да айтканбыз, азыр да айтам, кимге тик учак керек болсо буюртма берип, өлкөбүздүн каалаган жерине учуп барып-келип турса болот. Мындан мамлекет пайда гана табат".

Ал эми карындашы үчүн элден кечирим сурады.

"Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат.Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм. Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм", деген президент.

24-июнда Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен келип колун сураган видеолорду социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу болуп, интернет колдонуучулар "ашыкча чыгым" деп сынга алышкан.

Жапаров буга чейин аткаминерлерди ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырып келген.  

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей