БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди

Президент Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси ага  таандык экенин билдирди

Сүрөт: prezident.kg

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 16-декабрда Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда айтты. Мындан улам ал желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевди тепкилебөөнү суранды. 

"Спикер Нурланбек Шакиевге "Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле", - деди президент.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчы залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. 

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. 66 депутат "макул" болуп, сегизи "каршы" деп добуш берди. Мыйзам долбоору дагы эки окууда каралат.

Тууну өзгөртүү демилгеси коомчулукта талаш-талкуу жаратууда. 

Кыргызстандын азыркы мамлекеттик туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыков.

Кызыл түстөгү туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдөгү кырк нурлуу күн түшүрүлгөн. Анын ичинде кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгү тартылган. Желектин кызыл түсү эрдикти жана тайманбастыктын символу катары тандалган. Ал эми түндүк - үйдүн кутунун символу, күндүн кырк нуру кыргыздын кырк уруусунун Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Автор: Т-Медиа > 353 статей