БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Курултай жана сөз эркиндиги боюнча кайрылуу жасады

Президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Курултай жана сөз эркиндиги боюнча кайрылуу жасады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо, элдик курултайдын ролу жана сөз эркиндиги боюнча пикирин билдирди. 

Ал 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого жарандарды кайдыгер карабоого чакырып, шайланган депутаттар Курултайдын делегаттарын шайлай турганын белгилеген. Бардык тилкелерде видеобайкоо коюлганын эскертип, "добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат" дегенге негиз жоктугун айтты. 

Жапаров мындан сырткары өлкөдө "Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда" деп жаткан "журналист, блогер сымалдарды" Курултайга делегат болуп шайланып келүүгө чакырды. Өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин баса белгилеген.

"Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Каалаган сөзүңдү ачык айта бер. Элдин баары эле айтып атат. Эч кимге тыюу жок (Азаттык, Кактус, Политклиника, Клооп сыяктууларга тиешелүү). Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе. Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа. Европа жана Америка өлкөлөрүнөн "качкын" макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба. Эми жыйынтыктап айтсам, 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышыңыздар. Андан кийин Элдик курултайдын делегаты болууга аракет кылыңыздар жана делегат болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүңүздөр Биз аткарууга даярбыз", -деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 422 макала