БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөнү күчөтүүнү тапшырды

Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөнү күчөтүүнү тапшырды

ӨКМ тараткан сүрөт

Президент Садыр Жапаров мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундарын издөө иштерин күчтөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда билдирди. 

Издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылып, дрондор дагы колдонулат.

"Учурда издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө. Анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат", -деп жазылат маалыматта. 

Мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан беридайынсыз болууда. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издеп баштаган. Эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Издөөгө айыл тургундары да кошулган. 

Ал эми Карыпбековдун апасы Жыпар Сыдыкова бийликтегилерге кайрылып, балдарын табууга жардам сурап жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала