БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Президент Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Сүрөт интернеттен алынды

Өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн президент башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу 24-апрелде мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия прокуратуранын айрым кызматкерлери тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыккан. Бул фактылар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында айтылганы белгиленди.

"Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады", -деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары президент Курманкул Зулушевге анын орун басыры Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго жана Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо тапшырмасын берди. 

Комиссиянын курамына Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов, Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов жана Президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров кирген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей