БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Сүрөт: УКМК

Баткен райондук соту президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси Талантбек Мамытовду 17-январда үй камагына чыгарды. Маалыматты "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы ырастады. 

Былтыр 24-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Талантбек Мамытов 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылган деген айып менен кармалганын кабарлаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Мамытов көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Андан кийин ал Баткен райондук сотунун чечими менен 11-январга чейин камакта калтырылган.  

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

Талантбек Мамытов бул кызматка 2022-жылдын 15-февралында дайындалган. Мамытов 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо "Мекенчил" партиясынан талапкерлигин койгон.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей