БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президенттин «Мейкин» сыйлыгы тапшырылды

Президенттин "Мейкин" сыйлыгы тапшырылды

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 17-декбарда президенттин журналисттерге ыйгарылуучу "Мейкин" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталып, ар бирине 1 млн сомдон акчалай сый акы берилди. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров, журналисттер, ошондой эле маданият өкүлдөрү катышты. 

Анда он номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. 

Сыйлык алгандар: 

- УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова - "Бир эл бир түндүк" номинациясынын жеңүүчүсү; 

- ЭЛТР мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын кызматкери Аскар Маратов - "Керемет Кыргызстан" номинациясынын жеңүүчүсү;

- "Акчабар" медиа порталынын башкы редактору Мария Индина - "Салык өнүүгүгө салым" номинициясынын жеңүүчүсү;

- Кутбилим гезити - "Билим келечек" номинаиясынын жеңүүүсү;

- УТРК Ысык-Көл телеканалынын кабарчысы Гүлбарчын Молдоева - "Кутту элет" номинациясын жеңүүчүсү; 

- "Мир" мамлекеттер аралык телерадиоберүү копманиясынын кабарчысы Аида Аматбекова  - "Мекен жана мен"  номинациясын жеңүүчүсү;

-  Блогер Дооронбек Адахонов - "Мекендештер" номинациясынын жеңүүчүсү; 

ЭЛТРдин кабарчысы Рахат Кыдыртокоева - "Кыргызстанда чыгарылган" номинациясынын жеңүүчүсү;

- Спутник Кыргызстан маалымат агенттигинин жетекчиси Елена Черменина - "Сергек жашоо" номинациясын   жеңүүчүсү;

- Эркин журналист Улан Эшматов - "Таза мекен" номинациясынын жеңүүчүсү. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров быйыл июнь айынды  журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

"Мейкин" сый акысы жыл сайын берилери айтылган. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине бир миллион сомдон сыйлык каралган. 

Автор: Осмонова Айдана > 812 макала