БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарга уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Ак-Буура дарыясында курулушка уруксат берүүчү архитектуралык документтери жок он көпүрө жана соода түйүндөр аныкталганын билдирди. Алар Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө салынган. 

Маалыматка караганда, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анда Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгынын, Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы аныкталган. 

"Өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, Кара-Суу жана Базар көчөлөрүндөгү Ак-Буура дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан жер тилкелеринде курулган мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, алып салуу боюнча эч кандай чара көрүшкөн эмес. Өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн кандайдыр бир пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында жогорудагы мыйзамсыз курулуштардын курулушуна өбөлгө түзүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына чара көрүлөрүн маалымдады. Бирок алардын аты-жөнүн ачыктаган жок. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы соодагерлер менен жолукканда Ак-Буура дарыясынын жээгине салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуу жайлары тазаланарын айткан. Ал ошондой эле мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын да эскерткен. 

Ал эми Ош мэриясы суунун корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түздү. Тийиштүү мамлекеттик органдардан турган топ дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп, кийин сунуш беришет.

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. 

Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан.

Автор: Т-Медиа > 353 статей