БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен 11-ноябрда камактан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Т-Медиага" 13-ноябрда Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү кайрылган.
Буга чейин Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылган болчу.
Матраимовдордун кармалышы
Райымбек Матраимов быйыл 26-мартта бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен Баку шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан.
Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.
2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.
Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat