БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү дагы узартылды

Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү дагы узартылды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта кабыл алганын "Т-Медиага" аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Матраимовдордун кармалышы 

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган.  

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.  

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Т-Медиа > 353 статей