БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылды

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылды. Анын бөгөт чарасы 24-июнда каралганын аталган соттун басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдирди.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалган. Алар 26-мартта Бишкекке алынып келип камалган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айып тагылып, Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камалган. 26-апрелде Ош облустук соту аны үй камагына чыгарган

Руслан жана Исламбек Матраимовдор Ош шаардык сотунун чечими менен 18-июлга чейин тергөө абагына калтырылган. 

2021-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовго иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей