БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Мындай чечим 24-октябрда кабыл алынганын "Т-Медиага" Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, Матраимовдун абактагы мөөнөтүн узартууну УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы келтирген. 

Матраимовдордун кармалышы 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Быйыл 26-мартта Райымбек Матраимов кайрадан кармалып, Азербайжандан Бишкекке алынып келинген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган.  

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.  

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала