БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Репрессия курмандыктарын актаган мыйзамга президент кол койду
Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актаган мыйзамга бүгүн,31-декабарда кол койду.
Мыйзамда саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 20-ноябрда кабыл алынган.
Буга чейин мамлекет башчы долбоорду артка кайтарган. Анда ал документтин кабыл алынышына кошумча каражат талап кылынбайт деп жазылганы менен, Кыргызстандын аймагында 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандар үчүн моралдык кенемте жана ай сайын мамлекеттик кепилдик төлөмдөр төлөнүшү каралганын белгилеген.
1937-38-жылдардагы сталиндик репрессияда Кыргызстандан 40 миңге чукул киши курман болгону айтылат.
Кыргызстан эгемендик алган жылы 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер табылган. Сөөктөр кайра жерге берилип, ал жер "Ата-Бейит" деп аталган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat