БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"РСК Банк" "Элдик банк" деп өзгөртүлөт

"РСК Банк" "Элдик банк" деп өзгөртүлөт

Сүрөт: президенттин "Фейсбук" баракчасынан алынды

Президент Садыр Жапаров эки аптанын ичинде "РСК Банк" ("Расчетно-сберегательная компания") ачык акционердик коому "Элдик банк" деп өзгөртүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, мындан ары банк Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөрүн белгиледи.

Жапаровдун билдиришинче, октябрь айынын орто ченинен тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылат. Азыркы эреже боюнча, мамлекеттик кызматта иштебеген кардар МИКтен ала турган үйдүн баасынын жарым суммасын дароо төлөшү керек. Бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан маселени чечүү үчүн "РСК Банк" менен Мамлекеттик ипотекалык компания өнөктөштүктө иш жүргүзөт. 

"Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге "Элдик банк" (азыркы "РСК Банкы") беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет). Эң башкысы "Элдик банк" берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет. Алгачкы беш жылда "Элдик банктан" алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөйсүз. Бул мехнизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштайт. Башкача айтканда, жетпей жаткан сумманы ошондо (болжол менен октябрдын 15инен баштап) алууңарга мүмкүн болот. Анткени "Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экен. Бирок батирге деп акча топтоп жаткандар болсо, азыртадан эле "РСК Банкынан" эсеп ачып, каражатыңарды чогулта берсеңиздер болот. Мыйзам коомдук талкууга илинди. Бул жаңы мехнизм турак-жай реформасынын үчүнчү баскычы. Бул жаңы эреже биздин миграцияда жүргөндөргө, жалпы эле үйгө муктаж жарандарыбызга жеңилдик берүү, мамлекеттик камкордук кылуу үчүн сунуш кылынган механизм", -дейт өлкө башчы.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта Мамлекеттик ипотекалык компанияны президенттин иш башкармалыгына өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Маалыматта мекеменин ишин жакшыртуу үчүн ушундай жарлык кабыл алынганы жазылат.

Буга чейин ипотекалык компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы турак жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам кезекке жазылган. 2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык киши үйлүү болду.

Автор: Т-Медиа > 354 статей