БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өрт коопсуздугун сактабаган базарларга 1 млн сомго чейин айып салуу каралууда

Өрт коопсуздугун сактабаган базарларга 1 млн сомго чейин айып салуу каралууда

Сүрөт интернеттен алынды

Өрт коопсуздук эрежелерин сактабаган базарларга айып пул салуу каралууда. Эгер үч миң соода түйүнү болсо бир млн сом, эки миңге чейинкилерге 500 миң, бир миңге чейин соода түйүнү барларга 200 миң сом айып пул салынышы мүмкүн. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 22-ноябрда мекеменин фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди. 

“Сөзүм төгүн болбош үчүн тастыктап айтып коёюн. Эгер 3 миң точкасы бар базарга айып пул салынып калса,1 млн сомду бөлө келгенде ар бир ижарачыга 400 сом туура келет экен. Бирок эч качан жеке жакка бул айып пул салынбайт. Базардын администрациясына салынат. Мисалы, ЦУМдун жетекчисине, Ош базардын жетекчисине салынат”.

Шамырканов жеке жактарга салынуучу айып пулдун өлчөмү өзгөртүлбөгөнүн билдирди. Аларга 7 500 сом өлчөмүндө калат. 

Аталган министрлик октябрдын аягында "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда өрт коопсуздугун бузгандарга миллион сомго чейин айып салуу каралган. Мыйзам долбоору өрт коопсуздугун камсыздоочу мамлекеттик органдардын ишин жакшыртып, ал эми ишкерлердин өрт коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчилигин арттырууга багытталган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 10 ай ичинде 687 өрт кырсыгы катталып, 21 адам каза болгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала