БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров Шакиевдин демилгесине: башка тилдерге каршы болбошубуз керек

Садыр Жапаров Шакиевдин демилгесине: башка тилдерге каршы болбошубуз керек

Садыр Жапаров

Өлкө башчы Садыр Жапаров 12-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине парламент төрөгасы Нурланбек Шакиевдин сунушу боюнча комметарий берди. Спикер интернетте чет тилдердеги бардык контенттерди бөгөттөп, кыргыз тилинде гана калтыруу демилелеген болчу.

Орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү айтышат "Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз" деп. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиненен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот".

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев соңку убактарда кыргыз аталыштары жана ысымдар арабдашып жатканына тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле ал учурда айылдарда балдардын тили орусча чыгып жатканына аткаруу бийлигинин көңүл бурушун тапшырды. Төрага интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салуу жана балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей