БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент: кыргыз тили илим менен билимдин тилине айланды

Президент: кыргыз тили илим менен билимдин тилине айланды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тил саясаты мамлекеттик саясаттын эң маанилүү ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

"Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз. Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз – жалпы түркий тектеш тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда. Дегеле, ким болбосун тилди таза сактап, дилди аруу тутууга тийиш. Тил менен дил өз ара жуурулушканда гана ата-бабаларыбыздан кылымдардын кыйрынан бери муундан-муунга таберик болуп келаткан нарк-насил менен салт-санаа, акыл-парасат менен адеп-ахлактык келечекке өз кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ал эми өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болот", -деген өлкө башчы.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 

Мамлекеттик тил – бул өлкөдө иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан сырткары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.

Автор: Улукбек кызы Асем > 319 статей