БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров мунапыс тууралуу мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров мунапыс тууралуу мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамда эркинен ажырагандарды жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби тууралуу» мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесиндеги кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 25-январда кабыл алган. Анда мунапыска 600 киши илинери кабарланган. Жаза аткаруу кызматынын январдын аягындагы маалыматына ылайык, өлкөдө соттолгондордун жалпы саны 7 402 адамды түзсө, алардын 6 495и абакта отурат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей