БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Жеке кызыкчылыгы". Садыр Жапаров Оштун мэрине көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк боюнча комментарий берди

"Жеке кызыкчылыгы". Садыр Жапаров Оштун мэрине көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк боюнча комментарий берди

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Президент Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин мэр Бакытбек Жетигеновго карата ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча токтомун четке какты. Өлкө башчы бул тууралуу 12-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров анын артында шаардык кеңештин кайсыл депутаттарынын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары бар экенин жакшы билерин айткан. Өлкө башчы бул маселени өзү иликтеп чыккандан кийин гана чечим кабыл аларын айткан. 

"Депутаттар "мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек" деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылаардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда "Ошту ирээтке келтир" деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин Ош шаарынын жашоочулары жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын ирээтке келтирип, бузчусун бузуп жатат". 

Садыр Жапаров "мэрдин чайы"  боюнча да кеп козгогон, анда депутаттарга чай бериш үчүн калаа башчынын үч айлык акысы жетпей тургандыгын белгилеген.

"Ошончо депутатка чай бериш үчүн мэрдин, бир айлыгын биякка коёлу, үч айлык эмгек акысы жетпейт. Анын баарына чай берип туруш үчүн мэр мэриянын бюджетинен уурдаш керек. Демек, мурдагы мэрлер уурдап чай берип жүрүшкөн. Мындан ары чай дегенди унутуш керек", -деген президент.  

Эске салсак: 14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин жыйынында токтомдордун аткарылбаганы боюнча маселе көтөрүлүп, калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго 42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Жетигенов муну жеке тараптардын кызыкчылыгы деп айткан. Ал "Т-Медиага" берген маегинде токтомдордун дээрлик баары аткарылганын билдирген. Мындан сырткары Бакытбек Жетигенов мэрияны сындаган депутаттарга эч кандай куугунтук болбогонун кошумчалаган

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 29-ноябрда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген берене менен кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. 

Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте. Буга чейин калаа башчылыкка талапкер жергиликтүү кеңеш аркылуу өтчү. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей