БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Садыр Жапаров ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну тапшырды

Садыр Жапаров ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарып алууну тапшырды

Сүрөт: "Азаттык"

Өлкө башчы Садыр Жапаров Министрлер кабинети сунуштаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору артка кайтарып алууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору болду. Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды", - деген ал.

Талаштуу ЖМК мыйзамы

Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан "ЖМК жөнүндө" мыйзамды 2022-жылы ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп жатат. Негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоор алгач сунушталгандан тарта эле коомчулуктун талкуусунда. Медиа эксперттер менен юристтер документтеги көп нормалар толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жана ал өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып келет.

Мыйзам долбоордун мазмунуна келсек, сунушталып жаткан документке ылайык, өлкөдө медиа мекемелерди көзөмөлдөө күч алат. Анткени ММКлардын үстүнөн эми бир нече мамлекеттик орган карайт. Маданият министрлигинен сырткары Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери каттоо, лицензия берүүгө жана текшерүүгө аралашат. Ал эми теле жана радио компаниялар Байланыш агенттигинен лицензия алууга тийиш. Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен акредитациядан өтөт. Буга кошумча интернет сайттар да ММК катары саналып, аларды тескөө күчөйт. Башкача айтканда мыйзам долбоор кабыл алынса бийликке жакпаган сайттар катталбай, алардын иши токтотулушу толук мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирбейт. Эркин медиага кысым болбойт" деп бир нече жолу айткан.

ЖМКлардын ишин тескөөчү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу жана сөз эркиндигин бекемдеген мыйзам катары сыпатташат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей