БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык кызматы "Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салды

Салык кызматы "Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салды

Сүрөт интернеттен алынды

Салык кызматы "Куликовский" кондитердик үйүн текшерүүнү жыйынтыктап, компанияга 20 миллион сом айып салды. Каражат учурда толугу менен төлөнүп бүткөнүн компаниянын башкы директору Денис Гайворонский "Азаттыкка" билдирген.

Кондитердик мекемеге башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды эсептен чыгарууга байланыштуу доомат коюлган. Мыйзамга ылайык, мындай товарлар Соода-өнөр жай палатасынын атайын комиссиясынын катышуусу менен жок кылынышы керек болгон.

"Текшерүү жыйынтыкталды. Штаттык режимде иштеп жатабыз. Биз үчүн таң калыштуу болгон талапка күбө болдук. Эми биз бул системага ылайыкташып, мыйзамдын баарын аткарганга аракет кылабыз", - деген Гайворонский.

Бул боюнча "Т-Медиа" Салык кызматынан комментарий ала алган жок.

Буга чейин  Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери "Куликовский" кондитердик үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыгышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей