БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: 1-июндан тарта "Учкунда" басылган паспорттор бериле баштайт

Министрлик: 1-июндан тарта "Учкунда" басылган паспорттор бериле баштайт

Президенттин басма сөз кызматы. Сүрөт: Султан Досалиев

1-июндан тарта Кыргызстандын жарандарына "Учкун" мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 28-майдагы жыйынында Санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.

Айтымында, "Учкунда" басылган паспорттордун алгачкы партиясы алынды.

"1-июндан тартып бул паспортторду жарандарга бере баштайбыз. Сапаты мурдагыга караганда кыйла жакшырды", - деген Кожомуратов жаңы ички жана жалпы жарандык паспортторду комитет мүчөлөрүнө көрсөттү.

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басылары былтыр сентябрда маалым болгон. Ал үчүн "Учкун" мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле.

2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей