БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Бетону жарыла баштаган». Савайдын тургундары футбол аянтчанын бүтпөй жатканына нааразы болууда
26-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылынын элүүдөн ашык тургуну кичи футбол аянтчасын бүтүрүү талабы менен чогулушту. Айтымдарында, долбоорго эки жыл алдын каражат бөлүнгөн. Бирок курулушу ушул күнгө чейин бүтпөй турат. Жумуш жасаган компания болсо, бөлүнгөн акча жетпей калганын жүйө келтирүүдө.
Футбол аянтчаны курууга 2022-жылы жайында тендер жарыяланып, Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн 392 миң сом бөлүнгөн. Конкурстан утуп чыккан "Тынч жыл" компаниясы жыл соңуна чейин бүтүрүп бермек болгон. Жашоочулардын билдиришинче, каражат толук которулуп берилгени менен оюн талаасы ушул күнгө чейин даяр эмес. Курулуш иштери аягына чыкпай эле бетондору жарыла баштаган.
"Ала дарбыздай кылып кичине жерин сырдап кетип калыптыр. Ал эми айланта тоскон торуна келсек, бул тоок камай турган эле сетканы алып келип койгон. Катуураак топ тепсе жарып чыгып кетет", -дейт айыл тургуну Асан Тагаев.
Аянтчанын куруп жаткан "Тынч Жыл" ЖЧКсы Тынчтыкбек Жунусовго таандык. Компания 2015-жылы катталып, турак жана турак эмес имараттарды куруу кызматын көрсөтөт. Жунусов курулуштун кечеңдеп жатышын футбол аянтчага бөлүнгөн каражат жетпей калганы менен түшүндүрүп жатат. Ал эми жарака кеткен жерлер кайрадан оңдолуп, тирөөч куюлушу мүмкүн.
"Акча жеткен жок. Өзүмдүн жаныман жарым миллионго жакын каражат ашыкча кетип жатат. Бир нерсе десең эле эл "Анан эмнеге тендерге катышасыз?" деп түшүнбөйт экен. Мен катышканда ал жерде засыпкасы жок болгон", -дейт Жунусов.
Айыл өкмөт эмне дейт?
Савай айыл өкмөтү курулушту кабыл ала элек. Бирок бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган жумуштар негиздүү деп техникалык көзөмөлдөөчү кол коюп берген. Аталган окуя боюнча Кара-Суу райондук милициясы тергөө жүргүзгөн. Бирок Ош облустук ички иштер башкармалыгы териштирүүдөн кийин кылмыштын курамы жок деген негиз менен иш козгоодон баш тарткан. Айыл өкмөт башчысы Мурат Кыргызбаев курулуштун аткарылган ишин кабыл алмайынча жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүнбөй турганын айтат.
Айыл тургундары футбол аянтчанын курулушу жарака кеткен абалда пайдаланууга берилишине каршы. Алар бийлик өкүлдөрүнөн маселени чечип берүүнү өтүнүп жатышат.
Савай айыл өкмөтүнүн 29 миңден ашуун калкы бар. Бир жылдык казынасы 41 миллион сом. Айыл өкмөт Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat