БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден каза болгон 25 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет

Селден каза болгон 25 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет

Сүрөт: ӨКМ/ Издеп, куткаруу иштеринен

Бул тууралуу 19-июлда Ош шаарынын мэриясында селдин кесепеттерин тез арада жоюу маселеси каралган жыйында айтылды. 

Мындан сырткары табигый кырсыктан турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга да 1 миллион сомдон берилет. 

Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн. Анда жергиликтүү бийликке бир канча тапшырмалар берилген. 

Алар:

-Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү алып салуу;

- Дарыянын суу корук аймагында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген бардык жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;

- Селден жабыркаган (өлкө боюнча каза болгон) 25 жарандын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

- Табигый кырсыктан турак-жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

- Үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундарга - ар бирине 500 миң сомдон бөлүп берүү;

- Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүп берүү.

Ошондой эле табигый кырсык алып келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. Баарынын тең сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Ош облусу жана шаарында селден 800дөй үй зыян тартканын, борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаганын билдирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей