БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден кийин кармалган Жасур Азимов деген ким?

Селден кийин кармалган Жасур Азимов деген ким?

"Т-Медианын" коллажы

Ошто селден кийин калаанын мурдагы вице-мэри кармалды. Жасур Азимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга" шектеп жатат. 

Атайын кызматтын маалымдашынча, Азимов Ош шаардык кеңешинин депутатына Туран кичи районунун түштүк тарабынан 2,2 гектарга жакын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген. Жер сатылып, табигый каналдардын түбү толтурулуп, үстү тегизделип жеке турак жай курууга 30 жер участогуна бөлүнүп сатыла баштаган. Алардын ар биринде жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт бар. 

Каналдын жоктугуна байланыштуу жаан жааганда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптаган. Окуяга Жасур Азимовго кошо Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, "Кадастр" ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы, Архитектура башкармалыгынын мурдагы башчысы да тиешелүү деп шектелүүдө. 

 

"Т-Медианын" иликтөөсүндө айтылган

Жасур Азимов өзү ким? Анын дагы кандай мыйзамсыз аракеттери айтылып келген? Шектүү тууралуу "Т-Медиа" 2021-жылы иликтөө чыгарган эле. Анда Азимов кызматта туруп миллиондук тендерлерге катышып жатканын айтып бергенбиз. Ал вице-мэрлик кызматка 2018-жылы дайындалган. Мэриянын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын көзөмөлдөчү. 

Вице-мэрлик кызматка келгенге чейин 2014-жылы "Ош-Модерн" жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеп, мамлекеттик сатып алууларга катыша баштаган. 2016-жылы шаардык кеңешке депутат болуп келип, Ош мэриясынын муниципалдык ишканалары өткөргөн тендерлерге катыша баштаган. Анда 2020-жылга чейин беш жылда 36,2 миллион сомдук тендерлерди жеңип чыккан. Вице-мэрлик кызматка киришкенден кийин дагы Киров атындагы орто мектептин кошумча иштерине деп, 100 миң сомдук тендерди түз келишим аркылуу утат.

Жасур Азимовдун фирмасы ал кызматта турганда тендерге катышканы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга каршы келет. Анткени "Кызыкчылыктар кагылышы" деген 6-беренеде сатып алуучу мекеменин кызматкери аткаруучу же жеткирүүчү катары катыша албай турганы же алар менен биригишкен кызыкдар адам болбошу керектиги көрсөтүлгөн.

"Ош-Модерн" ЖЧКсы 2019-жылдын 19-июлунда кайрадан каттоодон өтүп, Тургунов Абдурашид Махаммаджановичке катталган. Ал кезде Тургунов Азимовдун жакын тууганы болоорун тастыктап берген. Компания ага юридикалык катталганы менен фирманы вице-мэрдин атасы Махамаджан Азимов иштетерин билдирген. 

2024-жылы дагы кайра катталып, азыр Жумашов Алмаз Камбаралыевичтин жетекчилигинде.

 

Чуулуу иштерде дагы аты аталган

Мындан тышкары Жасур Азимовдин аты бир нече жолу чуулуу иштерде аталган. Мисалы, 2021-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын 49-тизмесинде шайлоого катышкан. Бирок аны Ош аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылган деген жүйө менен талапкерлигин жокко чыгарган.

2020-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура, вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарынын Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жерди 2.5 миллион сомго баалап, жеке менчик ишканага мыйзамсыз өткөрүп бергенин аныктаган. Анда Азимовго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган эле.

2019-жылдын август айында вице-мэр Жасур Азимовго мас абалда унаа айдаганы үчүн 17 миң 500 сом айыпка жыгылган. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Автор: Т-Медиа > 353 статей