БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот абактагы журналисттерди камакта калтырды

Шаардык сот абактагы журналисттерди камакта калтырды

04.09.2024. Сүрөт: T-Media/Максат Боромбаев

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту сегиз айдан бери тергөө абагында отурган төрт журналисттин баш коргоо чарасын карады.  Жыйынтыгында райондук соттун камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу “Т-Медианын” сот залында жүргөн кабарчысы билдирди. 

1-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту камактагы “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн 2-октябрга чейин узарткан.

Журналисттердин иши буга чейин Биринчи май райондук сотуна берилген. Бирок 10-майда ишти Ленин райондук сотуна жиберүү тууралуу токтом чыккан. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

28-майда Бишкек шаардык соту арызды карап баштаган. Бирок прокурордун "токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналистти 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ  аларга "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган.

Автор: Т-Медиа > 352 статей