БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Шакиев: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок деген эл аралык уюмдардын маалыматы туура эмес
Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, буга парламентте журналисттер жыйын учуруна карабай депутаттарды чакырып суроо бергенин мисал кылды.
"Көптөгөн эл аралык уюмдар "Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, сөз эркиндиги төмөндөп кетти" деп ар кандай индексттер менен баа берип жатат. Мына ушул туура эмес. Биз бул жерде эң маанилүү документти караганыбызга карабай массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ар депутатты каалагандай чакырып алып, суроолорун берип жатат", -деди ал.
Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу пикрин билдиргендерге кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар бар. Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту алардын ичинен Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, ушул эле долбоордун кызматкери Азамат Ишенбеовду беш жылга эркинен ажыраткан. Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага пробациялык жаза берилип, сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок делип акталган.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat