БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулук милициясынын башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Сокулук милициясынын башчысы менен орун басары кызматтан алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уран Шамбетов, анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор-нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду. Бул тууралуу 4-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди. 

Мындай чечим 2-апрелде Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында катталган суицидге байланыштуу кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган. Ага ылайык, министрликтин буйругу менен Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын эки жетекчисине жана беш кызматкерге тартиптик жаза берилген.

Ошондой эле кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптары бузулганы, ишенип берилген өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл болбогону, кызматкерлердин иши боюнча бир катар нускамалардын талаптары бузулганы аныкталган.

2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милициясында алдамчылыкка шектелип убактылуу кармоочу жайда отурган 41 жаштагы киши асынып алганы кабарланган. ИИМ бул фактыны териштирип жатканын маалымдаган. 

Мунун алдында Кочкор-Атада күч кызматкерлери шектүү катары аныктала элек кишини кармоодо ур-тепкиге алганы үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев иштен алынган

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей