БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулукта шектүү асынып алган камерада гана видеокөзөмөл жоктугу аныкталды

Сокулукта шектүү асынып алган камерада гана видеокөзөмөл жоктугу аныкталды

Акыйкатчы институту тараткан сүрөт

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 3-апрелде Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайга мониторинг жүргүзүп, үч күн мурун шектүүнүн сөөгү табылган камераны карап чыгышкан.

Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнүн камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видеокөзөмөл жоктугу аныкталган. Ал эми башка камераларда видеокөзөмөл болгон. 

Асынган абалда табылган шектүү жаран 1-апрелде Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок анын өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон. Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, ал камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан. 
 

"Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү жана контролду камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат",-деген Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева. 
 

Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырган. 

Эске салсак, 2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милициясында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы киши асынып алган. Бул окуядан кийин Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Уран Шамбетов, анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор-нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулган.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей