БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сокулук: 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко өттү

Сокулук: 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко өттү

Иллюстративдик сүрөт

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 4-апрелде кабарлады. 

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү иш алып барган. Шектүү катары 19 жаштагы М.Т. жана 20 жаштагы Т.Д. камакка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен аларга Кылмыш- жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") жана 157-беренеси "(Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилген. 

"Калган адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп жүргүзүлүп жатат", -деп билдирди Чүй облустук милциясынан.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Сокулуктагы кыздын зордукталышы боюнча маселе көтөрүп, милициянын ишин сынга алган. Эл өкүлү секелектин айланасында каралоо жүрүп жатканын айткан. 

Эске салсак: 20-мартта Акыйкатчы институту 13 жаштагы кызды бир жылдан бери бери 19-22 жаштардагы тогуз эркек системалуу түрдө зордуктап жүргөнүн расмий маалымдаган. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурадан жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинен бул маселеге тез арада чара көрүүнү жана жабыркаган кыздын укугун коргоону талап кылган.

Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынган. Учурда социалдык тармактарда зордуктоого кабылган кызды өзүн күнөөлөгөн видеолор чыгууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей