БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Аспековду күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты

Сот Аспековду күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту камактагы активист Мелис Аспековду кылмышка даярдык көрүүгө жана массалык баш аламандыктарга күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 5-мартта "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирип, чечим 28-февралда чыкканын тактады. 

Маалыматка караганда, Аспеков күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында жаза өтөйт.

Ал эми Мелис Аспековдун уулу Аалы Аспеков атасы соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

2023-жылдын сентябрында социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жазуу жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги аны кармап, Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү" жана "Массалык башаламандыктар" деген беренелери менен айып таккан.

Автор: Т-Медиа > 355 статей