БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: сот Имарова, Матиев жана Атабаев боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Ош: сот Имарова, Матиев жана Атабаев боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Т-Медианын коллажы

Ош облустук соту Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Канышай Имаровага, мурдагы орун басары Курсантбек Матиевге жана Сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Расул Атабаевге карата Ош шаардык соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Чечим 28-августта чыкканы белгилүү болду. 

Тактап айтканда, облустук сот Имарованы күнөөлүү деп таап, 1 млн 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Курсантбек Матиев күнөөсүз деп табылган. Ал эми Расул Атабаев төрт берене боюнча күнѳѳлүү деп табылып, мунапыстын негизинде жазадан бошотулган. Ага 1 млн 50 миң сом айып салынган. 

Былтыр Ош шаардык мэриясы 18 млн 800 миң сомго төрт эвакуатор сатып алган. Тендерден "Планета Групп" компаниясы утуп, анын ар бирин 4 млн 700 миң сомго сатып алган. Эвакуаторлор беш күн ишке чыгып, бирок жүк көтөрүүчү краны талапка жооп бербей коопсуздуктан улам токтотулган. "Т-Медиа" сынак өткөрүүдө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам бузулганын иликтеген. Буга байланыштуу Ош шаардык прокуратурасы башкармалыктын башчысынын орун басары Курсантбек Матиевге жана тендерден утуп чыккан компаниянын өкүлүнө "Коруппция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Быйыл майда Ош шаардык соту төрт эвакуатор боюнча Муниципалдык менчик башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Канышай Имарованы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык" боюнча күнөөлүү деп таап, 1 млн 100 миң сомайып салган.   

Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен айыпталып жаткан мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Курсантбек Матиев күнөөсүз деп табылган. Анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ал эми Сатып алуулар бөлүмүнүн адиси Расул Атабаев Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") ,337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 346-берене ("Кызматтык жасалмачылык") жана 370-берене ("Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо") менен күнѳѳлү деп табылган. Бирок мунапыстын негизинде жазадан бошотулуп, ага 1 млн 50 миң сом айып салынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей