БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Оштун мэринин мурдагы жардамчысын тил кат менен абактан бошотту

Сот Оштун мэринин мурдагы жардамчысын тил кат менен абактан бошотту

УКМК тараткан сүрөт

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков башка жакка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизгинде абактан чыкты. Мындай чечимди шаардык сот 30-июлда чыгарганы белгилүү болду.  

Аталган соттун басма сөз кызматы "Т-Медиага"  билдиргендей, Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу анын жактоочусу өтүнүч келтирген. Ошондой эле жабырлануучу келтирилген зыяндын ордун толтурулганы айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каныбек Асанбековду ишкерлерден акча талап кылып, алып жүргөн деген шек менен 13-июнда кармаган. Атайын кызматтын маалымдашынча, ал мэрдин жардамчысы болуп турганда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан ай сайын 400 миң сомдон алганы аныкталган.

Мындан сырткары 2023-жылы И.Н.И. аттуу жарандын 6,4 млн сомун "Эгемендүүлүк күнүнө" жана "Ош шаарынын күнүнө" карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен алдап, ээлеп алганы айтылат. Анын мындай аракеттеринен мамлекетке 10 млн сом зыян келген.  

Мэрдин мурдагы жардамчысына 30-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына эки айга камалган. 

Кийин Ош облустук соту анын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей