БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Оштогу Салиева атындагы лицейдин директорун үй камагына чыгарды

Сот Оштогу Салиева атындагы лицейдин директорун үй камагына чыгарды

УКМК тараткан сүрөт

Пара алууга шектелип кармалган Оштогу Уркия Салиева атындагы лицейинин директору үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" 3-сентябрда облустук соттун маалымат кызматы тастыктады. 

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2-сентябрдагы токтомунун негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Оштогу башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык шектүү 28-октябрга чейин үй камагында болот. 

Атайын кызмат лицейдин жетекчиси 30-августта өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси менен ("Опузалап пара талап кылуу") кылмыш иши козголуп, Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей