БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды

Сот Тилек Матраимовду үй камагына чыгарды

Сүрөт: интернеттен алынды

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып кармалган Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Мындай токтомду Ош облустук соту 26-апрелде чыгарганын мекеменин маалымат кызматы "Т-Медиага" билдирди.

Маалыматка караганда, Матраимов үй камагына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 26-июнга чейин чыгарылган.

Матраимовдордун кармалышы 

26-марттын кечинде Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. УКМК ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган.  

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айып тагылган. Бир туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон.  

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми Ош шаардык соту Тилек Матраимовду бир айга, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камакка алган.  

Тилек Матраимов Ош облусунун  Кара-Суу районун сегиз жыл башкарып, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен.  2022-жылы мартта "Ошгаздын" директорунун техникалык иштер боюнча орун басары болуп дайындалган. Быйыл февралда өзү жазган арызын негизинде бошотулган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей