БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузак: айыл өкмөттүн имаратын өрттөөгө шектелгендер камакка алынды

Сузак: айыл өкмөттүн имаратын өрттөөгө шектелгендер камакка алынды

УКМК тараткан сүрөт

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын өрттөгөндөр аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. 

Атайын кызматтын билдиришинче, 2021-жылы 10-октябрда административдик имарат айыл өкмөттүн жана айылдык кеңешинин жооптуу кызмат адамдарынын акча каражатын уурдоо жана бир катар мыйзам бузууларын ырастаган документтерди жок кылуу үчүн өрттөлгөнү аныкталган.

"Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, бул ишти жасагандар убагында аныкталбай калган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт коюуга уюштуруучулар менен күнөөкөрлөрдүн катыштыгы бар экени аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 млн. сом өлчөмүндөгү зыян алар тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган", -деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Административдик имарат 27-январда ачылып, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. 

Буга чейин T-Media имараттын оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын чагылдырган. Ал үчүн жергиликтүү казынадан 14 миллон сом бөлүнгөн. Өрт чыккандан бери айыл өкмөттүн кызматкерлери Сузак райондук Калкты тейлөө мекемесинин имаратында иштеп келген.

Автор: Т-Медиа > 347 статей