БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузак: аялын балка менен урган киши 15 күнгө камалды

Сузак:  аялын балка менен урган киши 15 күнгө камалды

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү балка менен уруп, ооруканага түшкөн келиндин абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул туралуу "Т-Медиага" Октябрь аймактык ооруканасынын жетекчиси Өмүрбек Махматжунус уулу билдирди. 

Анын айтымында, келин алгач оор абалда келип, сүйлөй албай жаткан. 

"Келиндин башында, далысында анан көзүнүн жанында көгөргөн жерлери бар экен. Трамватолого көргөзүп, хирургия бөлүмүнө которгонбуз. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунан нейрохирургдарды чакырып, консультация алдык. Учурда абалы туруктуу оор. Аны бир тууган эжеси карап жатат".

Ал эми Жалал-Абад обулустук ички иштер башкармалыгы шектүүнүн баш коргоо чарасы 20-январда Сузак райондук сотунда каралып, 15 күнгө камалганын кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 17-январь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургуну, 38 жаштагы келинди үйүндө уруша кеткен жолдошу көз тарабына сүзүп, балка менен желке тарабына уруп, денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жолдошу алгачкы көрсөтмөсүндө "аялы баласын уруп жаткандыгына ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин билдирген. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен бут тарабына урган учурда, колунан балканы алып, кайра аялынын желке тарабына ургандыгын" айткан. Мындан тышкары ал эртеси эртең менен Тез жардам кызматын чакырып, аялын аларга кошуп бергендигин билдирген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялына буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгендиги, келин эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей