БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы кырсыктан кийин "Манас" айтуу сынагы токтотулду

Сузактагы кырсыктан кийин "Манас" айтуу сынагы токтотулду

Интернеттен алынды

Сузак районундагы каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу улуттук "Манас" театрынын  директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бейшембиде "Фейсбук" баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Ал кырсыкта жабыркаган балдарга ден-соолук каалап, элдин катарына эртерээк кошулуусун тиледи.

"Сынак Сузак районунда 26-апрелде өтүшү керек эле. Райондук администрация, райондук билим берүү бөлүмү сынакты башка учурда жогорку деңгээлде уюштурабыз деп, убактысын жылдырышкан. Биз коопсуздук маселесин тыкыр кароону эскерткенбиз. Бүгүн өтөөрүн соц.тармактан азыр көрдүм. Өзүм билемдик менен балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер мыйзам алдында жооп берет", - деди Талантбеков.

Маалыматка караганда, 19-апрелде өлкөдөгү мектеп окуучулары арасында "Манас" айттуу боюнча республикалык сынак башталган. Баткенден башталган иш-чара Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында жыйынтыкталган.

2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунда окуучулар топтолуп турганда "Хундай-Портер" машинеси токтотуп койгон жеринен жылып кетип, 30дан ашуун бала жабыркады. Сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы үчөөнүн абалы оор экени маалымдады. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

"Хундай-Портердин"айдоочусу, 48 жаштагы Сузак районунун тургуну Ж.Б. ошол эле күнү кармалган. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей